Бобиевдин жаза мөөнөтү 1 жыл 3 айдан кийин аяктайт. Ал бир нече жыл мурда "Карактоо" беренеси боюнча айыпталып кармалган. Уулу Далер Бобиевдин апасы алкоголдук ичимдиктерди көп ичкендиктен, ата-энелик укугунан ажыратылган. Бийликтин чечими менен бала Екатеринбургдагы опекунга берилген.
24-июнда опекун Далер дайынсыз болуп жатканын айтып, полицияга кайрылганы кабарланган. Үч күндөн кийин баланын сөөгү ал жашаган үйгө жакын жайгашкан гаражда табылган.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, Далер Бобиев 2022-жылы декабрдын башында эле каза болгон. Ал опекундун ур-токмогунан кийин өлгөн. Суракта опекун аял бала психикалык жактан оорулуу болгонун айтып, анын сөөгүн бийлик башка балдарын тартып албашы үчүн жашырып койгонун билдирген.
"КП-Екатеринбург" басылмасы өз булактарына таянып, опекун жарым жылдан бери каза болгон бала үчүн 11 миң рублден жөлөк пул алып келгенин жазды.