Ссылки доступа

УКМК Адахан Мадумаровдун эки тарапташы камалганын ырастады


Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын камалышы тууралуу комментарий берди.

Анда "өлкөдө калайман нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттеринин бети ачылып, бөгөт коюлду. Аталган партиянын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары УКМКнын тергөө абагына камалды",- деп жазылган.

Мекеме буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык баш аламандыкка чакыруу”) негизинде кылмыш ишин козгону белгилүү болду.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү жүргүзгөн. Анда партиялык материалдардан тышкары бул партиянын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынды. Мындан тышкары, тинтүүлөрдүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды",-деп билдирди атайын кызмат.

Мунун алдында Мадумаров тарапташтарынын камалышы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берген. Анда алар 28-майда Бишкектеги №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоого байланыштуу кармалганы тууралуу маалыматы бар экенин айткан.

“Ал шайлоо өтүп, кийин жараксыз деп табылганы качан. Бирок маселе башкада. Өзүнүн пикирин ачык айткан, өзүнүн көз карашы бар активдүү кыргыз жарандарынын баарын коркутуп-үркүтүп, коомду нес абалга алып келүү. Кыргыз жарандарында бүгүн өз алдынча оң жагына, сол жагына же артына караганга укук жок. Жаан жаап жатса, жаан жаап атат деп айтууга укугу жок. Күн ысыса ысыды, суу жок болсо жок деп айтканга укугу жок деген деңгээлге алып келишти”,- деген Мадумаров.

6-июлда “Бүтүн Кыргызстандын” беш мүчөсү кармалганын партиянын мүчөсү Нурбек Кубанычбеков айтып чыккан. Анда кармалган беш кишинин арасында Майрам Сатарова, Артур Бакиров, Мирлан Ураимов бар экени маалымдалган.

Социалдык тармактарда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Артур Бакировго келген чакыруу экени айтылган сүрөт жарыяланды. Анда ал УКМКнын Чүй облусундагы башкармалыгына күбө катары суракка чакырылганы жазылган.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Бул шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, ушул тапта Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан Акыл Айтбаев да талапкер болуп катышкан.

XS
SM
MD
LG