Ссылки доступа

Kompromatuzb ишинин алкагында ондон ашык аткаминерлер, депутаттар, банкирлер суралды


Kompromatuzb Telegram-каналынын администраторлоруна каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында 200дөн ашык киши суракка алынды.

Алардын арасында ондогон аткаминерлер, депутаттар, банк жетекчилери бар. “Азаттыктын” өзбек кызматынын өз булактары билдиргендей, сот жараяны жабык өтүшү мүмкүн.

Жогорку соттун маалыматына караганда, Human.uz редакциясынын директору Хуршид Далиевге, Иш менен камсыздоо жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Мавжуда Мирзаевага жана "Өзбекнефтегаздын" басма сөз катчысы Сиявуш Хошимовго жалган жалаа жабуу, ири өлчөмдө акча опузалоо, салык төлөөдөн качуу, кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдоо айыптары тагылган.

Айыптоо корутундусуна ылайык, жабырлануучуларга жана жарандык доогерлерге 5 миллиард 140 миллион сум зыян келтирилген.

Кылмыш ишинин алкагында Тышкы эмгек миграциясы боюнча агенттиктин айрым кеңселери, Human.uz редакциясынын кеңсеси жана башка имараттар убактылуу жабылган. Агенттиктин, редакциянын жана соттолуучулардын мүлкү камакка алынган. Алардын банк эсептери тоңдурулган.

Камактагы журналисттердин аларга тагылган айыптарга реакциясы жана камактагы абалы азырынча белгисиз. Алардын адвокаттары да үн ката элек.

Быйыл май айында Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) басма сөз уюму Өзбекстанда журналисттер менен блоггерлерге кысым кайрадан күчөп жатканын белгилеген.

XS
SM
MD
LG