Ссылки доступа

Душанбеде активист Эмсал Кож уурдалып, күч менен Түркияга жеткирилди


Эмсал Кож. Архив
Эмсал Кож. Архив

Душанбеде  “Диалог” илимий-маданий уюмунун мурдагы жетекчиси Эмсал Кож Тажикстанда уурдалып, күч менен Түркияга жеткирилген.

Стокгольмдогу Эркиндик борбору (SCF) Bold Medya маалымат порталына шилтеме берип, түрк бийлиги Эмсал Кожду төңкөрүш жасоого айыпталган Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен кызматташкан деген айып менен кармаганын билдирди.

Эмсал Кождун жубайы Фируза Худойдодова Bold сайтына билдиргендей, 2-июнда күйөөсүн үч чоочун адам кармап, күч менен кара түстөгү унаага салып, белгисиз тарапка айдап кетишкен. Анын айтымында, ошол эле күнү Эмсал Кожду Душанбе аэропортунан тажик милиционеринин коштоосунда көрүшкөн.

SCF билдиргендей, Эмсал Кож Түркиянын түндүк-чыгышындагы Эрзурум провинциясындагы тергөө абагында болушу мүмкүн.

Тажик бийлиги Эмсал Кождун дайынсыз жоголушу тууралуу маалыматка азырынча жооп бере элек.

Bold сайты Эмсал Кож 1994-жылдан бери Тажикстанда жашап, 2017-жылга чейин Гүлендин уюмуна таандык мектепте иштегенин жазды. Басылма Фетхуллах Гүлендин жактоочулары тарабынан каржыланган тажик-түрк лицейи жөнүндө кеп кылып жатат. Тажик-түрк лицейлери таланттуу балдар мектебине айландырылып, аларды башкарган түркиялык “Шалола” компаниясы 2016-1017-окуу жылынан тарта уюштуруучу макамынан ажыратылган.

Июнда Анкарада Жогорку Сот Кыргызстандын жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген "Сапат" ("Себат") мектебинин мурдагы директору Орхан Инандыны "куралдуу террордук уюмду башкаруу" беренеси менен күнөөлүү деп таап, 21 жылга эркинен ажыратты.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялаган түрк бийлиги бул үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн жана анын кыймылын ФЕТО ("Фетхуллачы террордук уюм") деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG