Ссылки доступа

Казакстан: Каспий деңизинин жээгинде төрт күндөн бери камыш өрттөнүп жатат


Каспий деңизинин Атырау облусундагы жээгинде төрт күндөн бери камыш өрттөнүп жатат.

Облустук өзгөчө кырдаалдар департаменти 9-июль күнү эртең менен тараткан маалыматка ылайык, өрттүн жалпы аянты 690 гектарга жетти. Аны өчүрүүгө МИ-8 тик учагы тартылып, 60 тоннага жакын суу чачылды.

Бийлик өрт калктуу конуштарга коркунуч жаратпай турганын билдирүүдө. Бирок айрым социалдык түйүн колдонуучулары түтүндөн улам жергиликтүү тургундардын "баштары ооруп, кускулары келип жатканын" жазууда.

Атырау облусунда 7-июлдан бери абанын температурасы 42 градуска чейин ысып жатат. Өрт 6-июлда Каспий деңизинин жээгинде, Атырау шаарына жакын жайгашкан Кеңөзөк айылынан 30 чакырым алыстыкта башталган. Андан чыккан түтүн аймактагы бир нече айылды каптап, облус борбору Атырау шаарынын айрым райондоруна да жетти.

Бул аймакта 2008-жылы да мунайзаты сиңген камыш өрттөнүп, Атырау шаарын бир нече күн түтүн каптап турган. Анда Облустук айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгы өрткө жакын жердеги мунайды кайра иштетүүчү заводдон чыккан өндүрүштүк калдыктар себеп болгонун билдирген.

2017-жылы Атырау облусундагы "Ак жайык" жаратылыш коругунда өрт чыгып, ал 10 гектар аянтка жайылган.

XS
SM
MD
LG