Тажикстандын Украинадагы элчилиги (Молдовада да аккредитациядан өткөн) Ашуровдун сөөгү алгач Түркияга, ал жактан Тажикстанга жөнөтүлөрүн билдирди.
Тажикстанда "Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевди уурдоого шектелген Ашуров Түркия аркылуу Молдовага 4-июлга караган түнү учуп барган. Кишинев аэропортунда анын өлкөгө кирүүсүнө уруксат берилген эмес. Ошол маалда ал чек арачынын тапанчасын жулуп алып, аны атып жиберген. Андан соң аэропорттун коопсуздук кызматынын өкүлүн өлтүрүп, дагы бир жүргүнчүнү жарадар кылган. Ашуров колго түшүрүү маалында көптөгөн жаркаттарды алып, өткөн жумада эс-учуна келбестен ооруканада каза болгон.
Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасы Ашуров банкир Шухрат Исматуллоевди уурдоого жана өлтүрүүгө тиешеси бар кылмыштуу топтун 10 мүчөсүнүн бири экенин билдирген. Тергөөнүн материалдарына ылайык, бул топ банкирди былтыр мартта эле уурдап кетүүнү пландаштырган. Бирок кандайдыр бир себептер менен өткөн жылы алардын бул максаты ишке ашкан эмес.
Өткөн жумада Шухрат Исматуллоевди уурдоого шек саналып төрт киши кармалганы, алардын баары мурдагы күч түзүм кызматкерлери экени кабарланган.
"Ориёнбанктын" төрагасынын биринчи орун басары Шухрат Исматуллоевду белгисиз кишилер 23-июнь күнү кечинде Душанбеде күч менен автоунаага салып кетишкен. 49 жаштагы Исматуллоев өлкө президенти Эмомали Рахмондун кайниси Хасан Асадуллозоданын жакын адамдарынын бири болгон.