Дүйнөлүк банктын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул грант өзбек өкмөтүнө зыяндуу газдардын атмосферага чыгуусун азайтууга, энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана эл аралык көмүртек базарына чыгууга жардам берет.
"Долбоордун негизги өзгөчөлүгү – Өзбекстанга тонна менен эсептелген CO2-эквивалентиндеги парник газдарын азайтууга жана аларды эл аралык көмүртек базарында сатууга мүмкүндүк түзүп берүү. Бул өлкөгө көмүртек базарынын механизмдерин ача турган Борбор Азиядагы алгачкы эл аралык демилге болуп эсептелет”, – деп жазылган банктын билдирүүсүндө.
Божомолдорго ылайык, долбоор ишке ашырыла турган мезгил аралыгында Өзбекстан 60 миллион тоннага жакын көмүр кычкыл газынын абага таралуусун алдын алат. Долбоордун алкагында мамлекеттен 2-2,5 миллион тонна көмүр кычкыл газ сатылып алынат. Калганын Өзбекстан долбоордун алкагында түзүлгөн системалар жана механизмдерди колдонуу менен эл аралык көмүр кычкыл газынын базарында сата алат.