Ссылки доступа

Юстиция министрлиги "Алга Казакстан" партиясын каттоодон алтынчы жолу баш тартты


Казакстандын Юстиция министрлиги "Алга Казакстан" партиясын каттоодон алтынчы жолу баш тартты. Бул тууралуу "АктивистыНеЭкстремисты" мониторинг тобу кабарлады.

Министрлик бул жолку чечимин демилгечи топтун тизмеси мыйзамдын талаптарына ылайык түзүлбөгөнү менен түшүндүрдү. Ошол эле маалда мекеме тизме түзүүдө кайсы нормалар бузулганын так билдирген жок.

"Алга Казакстандын" уюштуруу комитети белгилегендей, 5-июлда Юстиция миинстрлигине мыйзам талап кылган 700 кишинин ордуна 3 101 кишинин тизмеси берилген. Алар 1 500 кишинин кол коюп жатканы тартылган видеотасмалар да бар экенин билдирүүдө.

Казакстандын Юстиция министрлиги ушуну менен 2022-жылдын май айынан бери алтынчы жолу "Алга Казакстан" партиясын каттоодон баш тартты. Кыймылдын лидерлеринин бири жана белгилүү марафончу Марат Жыланбаев 25-майдан бери камакта отурат. Ал "Тыюу салынган уюм менен кызматташуу" жана "Экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн каржылоо" беренелери боюнча шектелүүдө. Жыланбаев өзү бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG