Быйыл апрелде Жогорку сот экс-судьяны "Кылмыш тууралуу атайылап жалган маалымат берүү", "Мыйзамсыз өкүм чыгаруу", "Ыйгарым укуктарын ашкере пайдалануу" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 6,5 жылга эркинен ажыраткан.
Буга чейинки сот отурумдарында Сайдахмадзода тагылган айыптоолордун баарын четке каккан. "Мен эмнеге бул жерде экенимди билесиңерби? Анткени негизсиз иштерди кайра тергөөгө кайтарып, күнөөсүз адамдарга козголгон кылмыш иштери боюнча актоо өкүмдөрүн чыгаргам", – деп билдирген ал соттогу акыркы сөзүндө.
44 жаштагы Рустам Сайдахмадзода былтыр 29-июнда кармалган. Бир аптадан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Сайдахмадзода "соттордун ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетиргени үчүн" иштен алынганы тууралуу жарлык чыгарган.
Рустам Саидахмадзода чуулгануу иштердин биринде актоо өкүмүн чыгаргандан кийин эл арасында таанылган. Тажикстанда соттор актоо өкүмүн сейрек чыгарат. Тажик судьялары кылмыш иштерин караганда көбүнчө айыптоочуларды колдошот.
2020-жылы Тажикстанда соттор 10, 2021-жылы 2 гана актоо өкүмүн чыгарган.