Ссылки доступа

ЕРӨБдүн Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы алмашты


Албания менен Улуу Британиянын жараны Анди Аранитас Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн директору кызматына дайындалды. Ал кызматтык милдеттерине 1-сентябрда киришет.

Аранитас буга чейин ЕРӨБдүн Түндүк Македониядагы өкүлчүлүгүндө иштеген. Мындан тышкары банктын энергетикалык бөлүмдөрүндө жетектөөчү кызматтарды аркалап, Түркиядагы жана Түштүк-Чыгыш Европадагы бир катар энергетикалык долбоорлорду иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана башкаруу үчүн жооптуу болгон.

ЕРӨБдүн Өзбекстандагы өкүлчүлүгүн 2017-жылдан бери жетектеп келген Алкис Дракинос банктын Тблисидеги Кавказ кеңсесинин аймактык башчысы болуп дайындалды.

Өзбекстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына 1992-жылы мүчө болгон. Банк 2003-жылы Ташкентке насыя берүүнү кыскарткан. ЕРӨБдүн жетекчилиги буга Өзбекстандагы авторитаризм, экономикалык реформалардын сакталбаганы, сөз эркиндигинин чектелиши жана түрмөлөрдөгү кыйноолор себеп болгонун билдирген.

2005-жылкы Анжиян окуялары өзбек өкмөтү менен ЕРӨБдүн мамилесин мурдагыдан да салкындатып, 2010-жылы банк өлкөдөгү долбоорлор үчүн насыя берүүнү толугу менен токтоткон.

ЕРӨБ Өзбекстандагы ишмердүүлүгүн 2017-жылы кайра калыбына келтирип, Ташкент шаарында өз өкүлчүлүгүн ачкан.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бүгүнкү күнгө чейин 144 долбоордун алкагында Өзбекстандын экономикасына 4,3 миллиард евродон ашык инвестиция салды.

XS
SM
MD
LG