Ссылки доступа

RFE/RL жетекчиси "Оздоликти" каралоо кампаниясын айыптады


"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин
"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун (RFE/RL) президентинин милдетин аткаруучу Жеффри Гедмин 11-июлда "Озодлик" радиосун жана анын журналисттерин каралаган кампанияга карата билдирүү жасады.

"Өзбек бийлиги анык жаңылыктар менен иштөөнүн ордуна биздин журналисттерди коркутуп-үркүтүү жана цензураны күчөтүү менен өч алууда. Тарых көрсөткөндөй, биздин аудитория ишенимдүү маалыматка муктаж болгондо сөзсүз аны издейт", - деди Жеффри Гедмин.

RFE/RL жетекчисинин бул билдирүүсү "Озодлик" радиосу дагы бир журналисттик иликтөө жарыялагандан кийин журналисттерди каралоо кампаниясы башталган маалда айтылды.

8-июлда "Озодлик" үчүнчү мөөнөткө президенттикке шайланган Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги алдындагы непотизм өкүм сүрүп жатканы жөнүндө видео иликтөө жарыялаган. "Мирзиёевдердин эмираты" деп аталган иликтөөдө Өзбекстандын президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн көбү мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеп, өлкө экономикасынын бардык негизги тармактарын көзөмөлгө алганы айтылат.

Өзбекстан президентинин администрациясы бул журналисттик иликтөө жарыяланганга чейин "Озодлик" жиберген суроолорду жоопсуз калтырган.

Youtube видеопорталына жарыяланган журналисттик иликтөөнүн видеосун төрт сааттын ичинде 400гө жакын адам көрүүгө жетишкен. Видео төрт сааттан кийин бөгөттөлгөн. Анда Өзбекстан президентинин басма сөз кызматына таандык 21 секунддук видео кадр бар болгондуктан, автордук укук бузулган деген шылтоо менен ачылбай калган. Видеого бөгөт коюуну суранган канадалык компания кийинчерээк аны бөгөттөн чыгарып, "катачылык" кеткенин кабарлаган. Учурда "Озодлик" бул иш боюнча кошумча иликтөө жүргүзүп жатат.

11-июлда "Озодликтин" видео иликтөөсү дээрлик 1 миллион жолу көрүлгөн.

Президент Мирзиёев сөз эркиндигин кубаттай турганын айтып келгени менен Өзбекстанда "Озодликтин" сайты бир нече жылдан бери жабык.

XS
SM
MD
LG