Ссылки доступа

Тажикстанда кошунасына кол көтөргөн тургун айып пул менен жазадан кутулду (видео)


Тажикстанда сот социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан видеонун "каарманына" айып пул салды.

Окуя бир ай мурун Фархор районунун Афарди айылында болгон. Бегахмад Назаров аттуу жаран коңшусу Мохихубон Тилавовага уйлары короосуна кирип кеткени үчүн кол көтөргөн.

Жабырлануучунун айтымында, ал кошунасынын жер тилкесинен уйларын чыгарып жатканда сабалган.

"Уй бакка байланып калыптыр, боорум ооруп, тез эле чечип алайын дедим, кошунам уруксат бербей, пахтасын мал жеп жатканын айтып, мени сөктү. Биз качтык, ал кол көтөрөт деп ойлогон эмесмин", - деди жабырлануучу.

Бул боюнча Бегахмад Назаровдун пикирин угууга мүмкүн болгон жок. Сот аны "Майда бейбаштык" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 476 сомони (43 доллар) өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди.

Жабырлануучу сот чечимине канааттанбай турганын жана кийинки инстанцияга доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Мохихубон айылдашынын ур-токмогунан алган жарааты дагы деле айыга электигин айтууда.

XS
SM
MD
LG