Юстиция министрлиги билдиргендей, бул өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары Улуттук гвардияга жана ички иштер органдарына экология жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укук бузуулар менен күрөшүү ыйгарым укуктары берилди.
Алар экология жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы кылмыштар үчүн күнөөлүүлөрдү административдик жоопкерчиликке тарта алат.
Мыйзам расмий жарыялангандан 3 ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Акыркы жолу Улуттук гвардиянын ыйгарым укуктары ушул жылдын май айында кеңейтилген. Улуттук гвардия майда бейбаштык кылган жана кырдуу курал алып жүргөндөргө протокол түзүүгө жана сотко жөнөтүү укугуна ээ болгон.