Бул тууралуу “Озодиге” анын таякеси Шамсиддин Саидов билдирди:
“Менин билишимче, жээним уулум Абдулла жөнүндө посттун алдына “Оо кудай, таякемди жалаадан сакта” деген комментарий калтырганы үчүн кармалган. Сот өкүмү чыкканда Саидумардын апасы менен жубайы болгон”.
Абдулло Шамсиддин – диний партиянын негиздөөчүсү Саид Абдулло Нуринин мурдагы жардамчысы Шамсиддин Саидовдун уулу. Быйыл 18-январда Германиядан Тажикстанга депортацияланган. Марттын аягында ал жети жылга эркинен ажыратылган. Сот Абдулло Шамсиддинди “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө чакырык жасаган” деген берене боюнча күнөөлүү деп тапкан. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму сот жараянын айыптаган.
Сот кызматкери Саидумар Саидовго "экстремисттик жамаатка катышуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун гана тастыктады. Бул үчүн төрт жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.
Туугандарынын айтымында, 31 жаштагы Саидумар Саидов ушул жылдын апрель айында Кушониён районунан кармалган, ага адвокат берилген эмес.
Шамсиддин Саидовдун өзү 2018-жылы сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылган.
Соңку жылдары Тажикстандын соттору тажик оппозициясынын активисттеринин бир нече тууганын кармап, ар кандай мөөнөткө абакка кести.