Адвокаттын бир тууганы Жамшед Ёров соттун өкүмүн "өтө эле катаал" деп баалады. Анын айтымында, Бузургмехрге кылбаган кылмыш үчүн 10 жылдык жаза берилди.
"Жаңы кылмыш иши боюнча сот отурумдары жабык өттү. Бузургмехрдин адвокаты да болгон эмес, ошондуктан иштин чоо-жайы да белгисиз. Бизге болгону ал жаза мөөнөтүнүн алгачкы эки жылын жабык түрмөдө, калган сегиз жылын Яван районундагы абакта өткөрөрү гана айтылды", – деди Жамшед Ёров.
Бузургмехр Ёровго каршы жаңы, төртүнчү кылмыш иши "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен быйыл жазында козголгон. Анда буга Вахдат колониясында отурган Хасан Хасанов аттуу адамдын арызы себеп болгону айтылган. Жаңы кылмыш иши козголгондон кийин Бузургмехр Душанбедеги №1 абакка которулган.
Сотто Хасанов Ёров андан юридикалык кызмат көрсөтүү убадасы менен 42 500 сомони (4 миң доллардан ашык) алып, бирок убадасын аткарбаганын билдирген. Адвокат бул айыптоолорду четке кагып, "кезектеги каралоо" деп атаган.
Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясынын" соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. Ага "Алдамчылык" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча айып тагылып, 2017-жылы 28 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Ёровго "Бийлик өкүлүн кемсинтүү", "Сотту сыйлабоо" жана "Улут лидери, президентке акаарат келтирүү" беренелери менен дагы бир нече кылмыш иши козголгон. 2021-жылы "Мунапыс тууралуу" мыйзам менен анын камактагы мөөнөтү төрт жылга кыскартылган.
Мурдараак Вашингтондо жайгашкан Freedom Now укук коргоо уюму тажик бийлигин "саясий себептер менен камалган" көз карандысыз адвокаттарды бошотууга чакырган.