Эстеликтин автору – орус скульптору Салават Щербаков. Атка минип турган Невскийдин айкелинин бийиктиги беш метрге жакын.
Эстеликтин ачылышына Орусия президентинин жардамчысы Владимир Мединский катышты.
Алматыдагы чиркөөнүн алдына орус князынын эстелиги орнотулары жөнүндө кабарды социалдык тармактын колдонуучулары терс кабыл алган. Бул окуяны сындаган билдирүүнү жүздөгөн колдонуучу бөлүшкөн. Комментарий калтыргандарды көбү Орусиянын Украинадагы агрессиясы уланып жатканда эстелик орнотуу ыксыз көрүнүш деген пикирлерди жазган.
Александр Невский - XIII кылымда жашаган князь. Православ чиркөөсү аны ыйык деп эсептейт.