Ссылки доступа

"Азаттык Медиа" мекемесинин сайттарына коюлган бөгөт алынды


"Азаттык Медиа" мекемесинин azattyk.org жана rus.azattyk.org сайттарына Маданият жана маалымат министрлигинин чечими менен былтыр октябрда коюлган бөгөт алынды.

12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен "Азаттык Медиа" мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтоткон. Буга байланыштуу Маданият министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине "Азаттыктын" сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберген.

"Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө тууралуу чечимди Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги былтыр 26-октябрда чыгарган. Буга "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун дагы бир кызматы – "Настоящее время" телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материал негиз болгону маалымдалган.

Мындан кийин "Азаттыктын" банктагы эсеби бөгөттөлсө, кийин Маданият министрлиги маалымат каражатынын ишмердигин токтотуу боюнча сотко арыз жазган. Бул арызды быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту канааттандырган. "Азаттыктын" адвокаттары бул иш боюнча Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жазган.

XS
SM
MD
LG