Ссылки доступа

Тажикстанда "токолдун" өлүмү иликтенүүдө


Савринисо Сафарова Солехжон Сайдалиев менен
Савринисо Сафарова Солехжон Сайдалиев менен

Тажикстанда 23 жаштагы Савринисо Сафарованын сөөгү бир ай мурун жерге берилген, бирок аны өз жанын кыюуга ким түрткөн деген талаш ушул күнгө чейин уланууда.

Кыздын жакындары ал күйөөсүнүн мыйзамдуу аялы жана анын үй-бүлөсү менен тынымсыз чыр-чатактан улам өз жанын кыйган деп эсептешет. Прокуратура анын күйөөсүн кармады, бирок жакындары окуя боюнча пикирин билдиришкен жок.

Савринисо Сафарова 15-июнда Дусти районунун Пасарик айылында өзүн-өзү өрттөп жиберген. Апасынын айтымында, Савринисо үч жыл мурун биринчи күйөөсү менен ажырашып, бир баласын чоңойтуп жаткан. Бир жыл мурун Дусти районунун тургуну Солехжон Сайдалиевге турмушка чыккан. Кызы бул кишинин мыйзамдуу аялы жана эки баласы бар экенин кийинчерээк билген.

"13-июнда Гиссарда апамдын үйүндө болдук. Савринисо базарга бир аз соода кылганы кеткен. Ал жерден күйөөсүнүн үй-бүлөсү анын жолун машина менен тоскон экен. Эмне кылышканын билбейм, күйөөсү менен кайненеси үйгө эс-учун жоготкон абалда алып келишти, 5 мүнөттөн кийин өзүнө келди. Ал мага Солехжон "талак" бербесе, биринчи аялы жана анын үй-бүлөсү аны өлтүрүп коюшарын айтты", - деп эскерет маркумдун апасы Мухаббат Холова.

Кызы 15-июнда катуу кан кетип, үч айлык баласы боюнан түшүп калгандан кийин өз жанын кыйган. Дал ошол күнү Солехжон кайра-кайра телефон чалгандан кийин ал Дусти районуна барган. Апасы кызы өзүнө өрт коюп, жанын кыйганын ошол түнү уккан.

Бул окуядан кийин Дусти районунун прокуратурасы 29 жаштагы Солехжон Сайдалиевди кармаган. Ага карата "Өз жанын кыюуга жеткирүү" жана "Көп аял алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. "Озодинин" өз булагынын айтымында, аял кызганычтан улам өз жанын кыйган.

Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинде кош аялдуулук үчүн 2 миң эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул төлөтүү же 136 миң сомони, болбосо 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG