Ссылки доступа

Душанбеде азык-түлүктүн айрым түрлөрү арзандады (видео)


Мамлекеттик жеткирүүчүлөрдүн бири сунуштаган жеңилдиктен кийин Душанбенин айрым дүкөндөрүндө азык-түлүк баасы бираз арзандады.

Эгер бир апта мурун казак өндүрүшүнөн чыккан ундун бир кабы 250 сомони (23 доллар болсо) болсо, азыр 235 сомониден сатылууда.

"Орусиядан чыккан беш литрлик бөтөлкөдөгү өсүмдүк майы 70 сомони турат. Эң арзаны Пакистан күрүчү – килограммы 10 сомони болуп калды. Соода кылуу үчүн бул жакка Шахринав районунан, Гиссардан, Варзоб районунан келип жатышат, баары ыраазы", - деди сатуучу Ражабали Мукимов.

Июндун аягында Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 2023-жылдын мамлекеттик бюджети жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен "Душанбеде эң керектүү товарларды өндүрүү, сатып алуу, сактоо" мамлекеттик ишканасын кошумча нарк салыгынан 50 пайызга жана бажы төлөмдөрүнөн толугу менен бошоткон.

Бирок республиканын аймактарында жана башка шаарларында баа дээрлик өзгөрүүсүз калды. Эксперттер мындай жеңилдиктер бюджеттин аткарылышына терс таасирин тийгизбеши керектигин, ошол эле учурда бул тажрыйба жакшы жыйынтык берсе, анда муну Тажикстандын башка аймактарына да киргизүүгө болорун айтышат.

В магазинах Душанбе подешевела мука
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

XS
SM
MD
LG