Ссылки доступа

Түркия ИИМи Стамбулда жашап турууга уруксат берүүгө тыюу салынганын четке какты


Түркиянын Ички иштер министрлиги Стамбулдун бардык райондорунда чет элдиктерге убактылуу жашоого уруксат берүүгө тыюу салынганы  тууралуу маалыматты четке какты.

Министрлик 16-июлда Твиттерге: "Стамбулдагы 39 район чет элдиктерге жашоого уруксат берүү үчүн жабылганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Кайрылуу үчүн жабык 10 район бар", - деп жазды.

Стамбулдун 10 районундагы чектөөлөр 2022-жылдын октябрынан бери күчүндө. Миграция департаменти алар Фатих, Эсенюрт, Авжылар, Бахчелиевлер, Башакшехир, Багчылар, Эсенлер, Күчүкчекмеже, Султангази жана Зейтинбурну аймактары экенин белгилейт.

Буга чейин түркиялык Milliyet басылмасы Стамбулдун 10 районунда чет элдиктерге жашоого уруксат берүүдөн баш тартуу тажырыйбасы баардык 39 районго жайылганын жазган. Билдирүүдө бийлик батир ээлерине жана мейманканаларга мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кабыл алышса, жазага тартыларын эскерткени айтылган.

2022-жылдагы маалыматка караганда, Түркияда 5,4 миллион чет элдик жаран жашайт, алардын 1,2 миллиону Стамбулда. Жалпысынан шаарда 15,9 миллион киши бар. Чет элдиктердин сегиз пайызы кыймылсыз мүлк сатып алуу аркылуу жашоого уруксат алышкан.

Акыркы эки аптада Стамбул полициясы 5 миңден ашуун мыйзамсыз чет элдикти кармап, депортациялоо борборлоруна жөнөттү.

Украинада согуш башталгандан кийин көптөгөн орусиялыктар Түркияга көчүп кетишкен. Орус басылмалары түрк бийлиги 2023-жылдын январынан тарта текшерүүнү күчөткөнүн жазышууда.

XS
SM
MD
LG