Ссылки доступа

Өзбекстанда төрт эркек бир аялга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп айыпталууда


Фергана облусунун Бешарык районунда эки балалуу аялды зордуктаган төрт эркектин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, иш сотко өттү. Бул тууралуу 16-июлда Фергана облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин социалдык тармактарда аялды төрт эркек зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Тасмадан аялды төрт киши ээн сарайга күчтөп алып барып, ур-токмокко алып, андан соң сексуалдык зомбулук жасашканын көрүүгө болот.

Мекеменин маалыматына караганда, видеодогу окуя 21-мартта болгон.

Бул факты боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Топ адамдар тарабынан жасалган зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Акыркы убакта Өзбекстанда сексуалдык ыдык көрсөтүү жана аялдарга карата зордук-зомбулуктун ар кандай түрлөрү боюнча маалыматтар көбөйүүдө. Май айынын ортосунда социалдык тармактарда бир нече адам унаа айдап бара жаткан кызды токтотуп, зордуктаганы тууралуу маалымат тараган.

Ушул эле айда Ташкент облусунун Янгийул районунда 19 жаштагы жигит жашы жете элек кызды 10 күн бою ээн үйдө зордуктап жүргөнү маалымдалган. Апрель айында Хорезмдеги мамлекеттик кызматкерлер үй-бүлөлүк балдар үйүндө 10 ай бою жашы жете элек кыздарды зордуктап жүргөнү тууралуу маалымат коомчулукта чоң нааразылык жараткан.

6-апрелде Өзбекстандын Сенаты балдарды жана аялдарды зордук-зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзамга 11-апрелде өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Мыйзамга ылайык, сексуалдык зомбулукка баргандарга шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана жеңилдетүүчү жагдайлар колдонулбайт. Тескерисинче, мындай кылмыштар үчүн жаза катаалдашат. Мындан тышкары сексуалдык зомбулук көрсөткөндөрдүн атайын тизмеси түзүлөт.

XS
SM
MD
LG