Ссылки доступа

Кытай сайты Тажикстандагы жесир аялдар тууралуу макаласын өчүрдү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кытайдын Sohu (搜狐网) маалыматтык сайты Тажикстандагы демографиялык кырдаал жөнүндөгү макаласын өчүрдү.

25-майда жарыяланган макалада Тажикстанда 800 миңден ашык жесир аял бар экени жазылган. "Силер буга ишенесиңерби? 9 миллиондон ашык калкы бар Тажикстанда 800 миңден көп жесир аял бар! Алардын күйөөлөрү кайда?", – деп суроо салган макаланын автору.

Макалада бул маалыматтын булагына шилтеме берилген эмес. Автор СССР тарагандан кийин Тажикстанда жарандык согуш башталып, "эркектердин көбү өлкөдөн чыгып кеткенин" белгилеген. "Андан соң экономикалык кыйынчылыктардан улам тажик үй-бүлөлөрүндөгү калган эркектердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлөргө иштегени кетишкен. Алардын көбү кайтып келбестен, аялдары менен СМС-билдирүү жазып ажырашкан", – деп жазылган макалада.

Sohu сайтынын редакциясы тажик жесирлери тууралуу макаланын эмне себептен өчүрүлгөнүн түшүндүргөн жок.

Тажикстандын бийлиги бул макалага эч кандай реакция жасаган эмес. Социалдык түйүн колдонуучулары кытай сайтынын Тажикстанга жана анын жашоочуларына карата мындай калыс эмес мамилесин айыпташкан.

Тажикстандын Статистика агенттиги жарыялаган баяндамаларда өлкөдөгү жесир аялдардын саны боюнча маалыматтар көрсөтүлгөн эмес. Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитеттен аларда мындай маалыматтар жок экенин билдиришти. "Озоди" радиосу мамлекеттик түзүмдөрдөгү өз булактарына таянып, өлкөдө жесирлердин, турмушка чыга элек кыздардын жана ажырашып кеткен аялдардын саны боюнча өзүнчө статистика жок экенин жазды.

XS
SM
MD
LG