Маалыматка караганда, акыркы беш айдын ичинде ачылган биргелешкен ишканалардын саны боюнча Орусиядан кийин Кытай (245) жана Түркия (121) турат.
Агенттиктин баяндамасына ылайык, 2021-жылдын 1-июнуна карата Өзбекстанда чет өлкөлүк капиталдын катышуусундагы ишканалар менен уюмдардын саны 12 807ни түзгөн. Алардын 2 884ү Орусиянын, 1 823ү Кытайдын, 1 771и Түркиянын жана 957си Казакстандын капиталына ачылган.
Январь-май айларында Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 25,8 миллиард долларды түзгөн. Анын 4,5 миллиарды Кытайдын, 3,8 миллиард доллары Орусиянын үлүшүнө туура келет. Бул көрсөткүч боюнча Казакстан 1,9 миллиард доллар менен үчүнчү орунга жайгашкан.
Украинага бастырып киргенден бери Орусия Батыш өлкөлөрүнүн санкциясы алдында жашап келет. Ошол эле маалда Европа Биримдиги акыркы бир жылдын ичинде (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга экспорттун көлөмү 300% өскөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. ЕБ бул көрсөткүч Борбор Азия Москвага санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатканына байланыштуу деп эсептейт.
Быйыл апрелде Евробиримдиктин атайын өкүлү Дэвид О'Салливан Кыргызстанга, Казакстанга жана Өзбекстанга келип кеткен. Ал Ташкенттеги басма сөз жыйынында Брюссель менен Ташкент Өзбекстан аймагынын Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүү жана экинчи багыттагы товарлардын реэкспорту үчүн колдонулуусуна жол бербөөнүн үстүндө иштеп жатканын билдирген.