Ссылки доступа

Пентагон Жакынкы Чыгышка F-35 учактарын жөнөтөт


АКШ Жакынкы Чыгышка эң алдыңкы америкалык согуштук учак эсептелген F-35 истребитель-бомбалоочу учактарын жана эсминец жөнөтүүдө. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү АКШнын аскерий өкүлдөрү билдирди.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин кабыл алган бул чечимге Ормуз кысыгындагы эл аралык сууларда Ирандын эки танкерди кармоо аракети себеп болду. Бул окуялар болжол менен эки жума мурун катталган. Пентагондун басма сөз катчысы Сабрина Сингдин айтымында, учактар менен кемелер Жакынкы Чыгыш аймагына деңиз жолдорун коргоо үчүн барат.

Wall Street Journal басылмасы тынчсыздануунун жалгыз себеби Ирандын аракеттери эмес экенин жазды. АКШ аскерлеринин айтымында, америкалык учкучсуз учактар соңку кездери Сириянын үстүндө орус учактарынын көптөгөн чагымдарынын бутасына айланды. Алар радикал террористтик топторго каршы операцияларды жүргүзүп жаткан америкалык учкучсуз учактардын аракеттерине тоскоол болууда.

Өткөн аптада Орусиянын тыңчы учагы Сириянын түштүк-чыгышындагы америкалык аскерий базанын үстүнөн учуп өткөн. Пентагон Орусия мындай жол менен Вашингтонго кысым көрсөтүп, аймактагы америкалык аскерлердин санын кыскартууга аргасыз кылууну көздөп жатат деп эсептейт.

Заманбап истребитель-бомбалоочу учактар Пентагонго кырдаалдын өзгөрүшүнө тез жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

XS
SM
MD
LG