Чымкент акимчилиги баш тартууга активисттердин кабарламасында "так эмес маалымат" камтылганын шылтоо кылган.
Петропавлда пландалган жерлердин биринде башка иш-чара өтөрү, экинчисинде тынчтык жыйынын өткөрүүнүн эрежеси көрсөтүлбөгөнү айтылып, кабарлама кабыл алынган жок.
Семейде жана Карагандыда да аткаминерлер акция пландалган жерде мурда макулдашылган иш-чара белгиленгенин шылтоо кылышкан.
Эки күн мурун Астана, Алматы жана Көкшетау шаарларынын администрациялары Украинаны колдоо митингдерин өткөрүүгө макулдук берүүдөн баш тартышкан.
"Алга, Казакстан!" кыймылынын активисттери 5, 6, 12, 13, 19, 20, 26 жана 27-августта Украинаны колдоо максатында митингдерин өткөрүү ниети тууралуу кабарламаларды жергиликтүү администрацияларга тапшырышкан. Бийлик бир дагы датага макулдук берген жок.
Орусия 2022-жылы 24-февралда Украинага толук масштабда кол салгандан бери активисттер Казакстандын шаарларында согушка каршы митингдерди өткөрүүгө аракет кылып жатышат. Бийлик баш тартап келет. 2022-жылдын март айында Алматы акимчилиги Украинаны колдгон митинг өткөрүүгө уруксат берип, ага миңдеген адам катышкан.