Ссылки доступа

Тажикстанда Pamir Daily News интернет-басылмасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды


Тажикстандын Жогорку соту Тоолуу-Бадахшан автоном облусундагы окуяларды чагылдырган Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салды. Бул тууралуу тажик Башкы прокуратурасы билдирди.

"Тажикстандын конституциялык түзүлүшүнүн, коопсуздугунун жана суверендүүлүгүнүн негизин коргоого багытталган Башкы прокуратуранын доо арызы канааттандырылды. "Памир дейли ньюс" (Pamir daily news) же "Памир ньюс" (Pamir News) уюму экстремисттик деп табылып, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салынды", – деп жазылган көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Жогорку сот Pamir Daily News басылмасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечимин 14-июнда эле кабыл алган.

"Pamir Daily News сайты Тажикстандын аймагында бөгөттөлдү. Бул сайт менен кызматташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тажикстандын Кылмыш кодексинде экстремисттик деп табылган уюмдар менен кызматташуу үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Pamir Daily News басылмасынын жетекчилиги редакция өз ишин уланта берерин билдирди.

"Биздин журналисттердин ишмердүүлүгү көптөн бери тажик бийлигине жакпай келген. Анткени биз өлкөдөгү, анын ичинде Тоолуу Бадахшандагы мыйзамсыздыктар жөнүндө айтып жаткандардын акыркыларынанбыз. Бийлик мындай жол менен Бадахшандан келип жаткан кайтарым байланышты толугу менен өчүрүүгө аракет кылууда. Душанбе памирликтерди тарыхый мекенинен сүрүп чыгарууга, этноцидке багытталган адеп-ахлаксыз, жоопкерчиликсиз саясатын улантып жатат", – деп жазылган редакциянын билдирүүсүндө.

Pamir Daily News басылмасы өткөн жылы май жана июнь айларында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялар тууралуу эксклюзивдүү видеолорду жана маалыматтарды берип турган.

2020-жылы Тажикстандын Жогорку соту Прагада жайгашкан "Ахбор" маалыматтык ресурсунун ишмердүүлүгүнө да тыюу салган. Тажик бийлиги редакцияны "Ислам кайра жаралуу партиясы" өңдүү тыюу салынган топторду колдоого айыптаган. Аталган партия Тажикстанда 2015-жылы террордук уюм деп табылган. Ага чейин өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия болуп келген.

Эл аралык журналисттик жана укук коргоо уюмдары сөз эркиндигин чектегени жана көз карандысыз журналисттер менен блогерлерге карата басымы үчүн тажик бийлигин сындап келишет. Акыркы бир жылдын ичинде Тажикстанда экстремисттик уюмдар менен кызматташуу айыбы менен сегиз журналист жана блогер кармалып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту. Алардын иши боюнча сот отурумдары тергөө абактарында жабык өткөн. Айрым журналисттер "күнөөнү мойнуна алган" көрсөтмөлөрдү тергөөчүлөр кыйноо жолу менен алганын билдиришкен.

Душанбе эл аралык уюмдардын бул айыптоолорун четке кагып, өлкөдөгү мыйзамдар ЖМКлардын эркин ишмердүүлүгүнө кепилдик берерин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG