"Сот соттолуучуларга жаңы айыптарды тагуу жана бул иш боюнча башка адамдарды да кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иштин материалдарын кайра тергөөгө жөнөтүү жөнүндөгү прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырды. Иш кайрадан Хорезм облустук прокуратурасына жөнөтүлөт. Буга байланыштуу ишти сотто кароо бир айга токтотулду", – деди Абидов.
Быйыл мартта Хорезм облусундагы балдар үйүндө тарбияланган үч секелек кыз 10 айдан бери Янгиарык райондук Юстиция башкармалыгынын жана Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мурдагы эки кызматкери менен жыныстык катнашка барууга мажбурланып келгени белгилүү болгон. 2022-жылы сентябрда Хива райондук соту аларды балдар үйүнүн жашы жете элек тарбиялануучусу менен жыныстык катнашка барууга күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга эркиндигин чектеген. Быйыл 6-апрелде Жогорку соттун кылмыш иштери боюнча коллегиясы бул өкүмдү жокко чыгарып, Ташкент шаардык сотуна кайра короого жөнөткөн. Ал боюнча отурумдар жабык өтүп жаткан.
2023-жылы апрелде Өзбекстанда аялдар менен балдардын кызыкчылыктарын коргоо тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, секелек кыздарды бузууга же жыныстык катнашка мажбурлоого күнөөлүү деп табылгандар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыга албайт жана жазасы жеңилдетилбейт. Ошол эле маалда аларга карата буга чейинки мыйзамдарда каралган жазалар да күчөтүлгөн.
Активисттердин айтымында, жаңы мыйзамдын канчалык деңгээлде натыйжалуу иштей турганы Ташкент шаардык сотунун аткаминерлерге карата чыгара турган өкүмүнөн көрүнөт.