Алардын айтымында, 19-июлда өндүрүштүн экологияга тийгизген зыяны боюнча коомдук угуулар өтүшү керек болчу, бирок жыйын кийинкиге жылдырылган.
Жолугушуу болбой турганы белгилүү болгондон кийин тургундар менен журналисттер завод курулуп жаткан жерди видеого тартууга жөнөшкөн. Ошол маалда аларга белгисиз адамдар тоскоолдук жараткан. Андан соң мекемеге 100дөн ашык адам барган.
–Журналисттин колун кайрышып, телефонун тартып алышты. Мына биз карып калдык, 70 жаштабыз. Бизге да кысым болду, жашыбызга карашкан жок. Колубузду кайрып, сабап салышты, - деди Маралды айылынын тургуну Нуржакып Кабылбаев.
Жергиликтүү тургундар заводдун жетекчилиги же акимчилик "белгисиз адамдарды" провокация үчүн жиберген деп эсептешет. Алардын айтымында, ишкананын күзөтүндө эл тааныган Күршим районунун тургундары иштешет, бирок тап берген адамдар чоочун болгон.
Район акими Алмат Акышов абал туруктуу, укук коргоо органдардын көзөмөлүндө экенин билдирди.
Маралды айылынын тургундары былтыртан бери айылга жакын жерде алтын өндүрүүчү фабриканын курулушуна каршы болуп келишет. Буга чейин алар ошол учурда Чыгыш Казакстан облусунун акими болуп турган Даниал Ахметовго видеокайрылуу жасап, элдин пикирин угууну, март айынын аягында айылда өткөн коомдук угуунун протоколун жокко чыгарууну суранышкан. “Азаттыктын” казак кызматы курулуштун артында акимдин уулунун бизнес өнөктөшү менен мурдагы туризм жана спорт министринин уулу турганын жазды.