Ссылки доступа

Тажикстанда эки киши зыяратчыларды алдоого шектелүүдө


Тажикстандын Ички иштер министрлиги жарандарды ажылык сапарга жөнөтөм деп алдап кеткен эки жаш жигитке карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Озоди" радиосунун өз булактары 19 жаштагы Фирдавс Фирдавсов менен 25 жаштагы Навруз Хасанов 4 миллион долларга жакын акчаны мыйзамсыз алууга шектелүүдө. Навруз Хасанов айыпты негизсиз деп эсептейт.

Тажикстан ИИМи шектүүлөрдүн иш-аракетинен канча киши жабыркаганын так айткан жок.

Шектүүлөрдүн бири – Фирдавс Фирдавсов кармалды. Тажик бийлиги экинчи шектүү, Дубайда жашаган Навруз Хасановдон мекенине келип, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүнү талап кылды.

Навруз Хасанов 20-июлда “Озоди” радиосуна курган маегинде бул маалыматты тастыктап, буга чейин Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

“Мен аларга эч кимди алдабаганымды айттым. 249 адамдын көбү биздин эсепке 6700 доллардан которуп, ажылык сапарга барышты, кызмат акысын убагында төлөбөгөн бир нече адам Дубайдан Тажикстанга кайтууга аргасыз болду. Укук коргоо кызматкерлери Душанбедеги үйүбүздү тинтүүгө алып, шектүү эч нерсе тапкан жок”, - деди Навруз Хасанов.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги Фирдавсов менен Хасановдун ишмердигинен жабыркаган жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды.

Бул Меккеге барууну каалагандарды алдаган биринчи учур эмес. Быйыл май айында Шахринау районунун эки тургуну 60 кишиден ажылык сапар үчүн 5,5 миң доллардан алып, бирок убадасын аткарбай кармалганы кабарланган.

Тажикстанда ажылык сапарды Дин, улуттук каада-салт, маараке, жөрөлгөлөрдү жөнгө салуу комитети, мындан тышкары “Ормон”, “Мунзал” компаниялары уюштурат. Ошол эле учурда айрым жарандар жеке фирмалар аркылуу туристтик виза менен Меккеге жөнөгөн учурлар да бар.

XS
SM
MD
LG