19-июлда Республикалык тез медициналык тез жардам илимий борборуна башынан жаракат алып, мээси чайкалып, мойну, чыканактары көгала болгон жаш жигит жеткирилген.
Жергиликтүү маалымат каражаттары билдиргендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 16-июль күнү Мирзо-Улугбек районундагы сейил бактардын биринде Асадбек Арзикулов менен анын таанышынын ортосунда жаңжал чыкканы аныкталган. Анын кесепетинен Арзикулов жаракат алган. Бирок алар кайра жарашып, тарап кетишкен. Жабырлануучу милицияга жана ооруканага кайрылган эмес.
19-июлда ден соолугуна байланыштуу блогер ооруканага жеткирилип, башына операция жасалган. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай, каза болгон.