Ссылки доступа

CPJ Душанбени Pamir Daily News басылмасын жабуу тууралуу чечимди жокко чыгарууга чакырды


Pamir Daily News басылмасынын сайты
Pamir Daily News басылмасынын сайты

Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) Pamir Daily News басылмасын "экстремисттик" деп таап, ишмердүүлүгүн токтотуу жөнүндөгү Тажикстандын Жогорку сотунун чечимин айыптады.

Комитеттин 20-июлда жарыяланган билдирүүсүндө тажик бийлиги "памир азчылыгы" жөнүндө жазган ЖМКларга карата басымды токтотушу керектиги белгиленген.

Уюмдун Европадагы жана Борбор Азиядагы программаларынын координатору Гулноза Саид Душанбени бул чечимди жокко чыгарууга жана "памир азчылыгы" жөнүндө жазылган материалдардын жарыялануусуна тоскоолдук кылууну токтотууга үндөдү.

"Pamir Daily News басылмасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу – тилекке каршы күтүлгөн эле жаңылык болчу. Тажикстандын бийлиги адам укуктарынын бузулушу жөнүндө жазылган материалдардын баарын эчак эле "кылмыш" деп эсептеп калган", – деди Гулноза Саид.

Азырынча Тажикстандын бийлиги Журналисттерди коргоо комитетинин бул билдирүүсүнө эч кандай реакция жасай элек.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Жогорку сот Pamir Daily News интернет-басылмасын экстремисттик деп таап, анын өлкө аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салганын 19-июлда билдирген.

"Pamir Daily News басылмасынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу чечими 14-июнда эле чыккан. Анын сайты Тажикстандын аймагында бөгөттөлдү. Бул сайт менен кызматташуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Тажикстандын Кылмыш кодексинде экстремисттик деп табылган уюмдар менен кызматташуу үчүн беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Pamir Daily News басылмасынын жетекчилиги редакция өз ишин уланта берерин билдирген.

"Биздин журналисттердин ишмердүүлүгү көптөн бери тажик бийлигине жакпай келген. Анткени биз өлкөдөгү, анын ичинде Тоолуу Бадахшандагы мыйзамсыздыктар жөнүндө айтып жаткандардын акыркыларынанбыз. Бийлик мындай жол менен Бадахшандан келип жаткан кайтарым байланышты толугу менен үзүүгө аракет кылууда. Душанбе памирликтерди тарыхый мекенинен сүрүп чыгарууга, этноцидке багытталган адеп-ахлаксыз, жоопкерчиликсиз саясатын улантып жатат", – деп жазылган редакциянын билдирүүсүндө.

Pamir Daily News басылмасы өткөн жылы май жана июнь айларында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон окуялар тууралуу эксклюзивдүү видеолорду жана маалыматтарды берип турган.

2020-жылы Тажикстандын Жогорку соту Прагада жайгашкан "Ахбор" маалыматтык ресурсунун ишмердүүлүгүнө да тыюу салган. Тажик бийлиги редакцияны "Ислам кайра жаралуу партиясы" өңдүү тыюу салынган топторду колдоого айыптаган. Аталган партия Тажикстанда 2015-жылы террордук уюм деп табылган. Ага чейин өлкөдөгү эң ири оппозициялык партия болуп келген.

Эл аралык журналисттик жана укук коргоо уюмдары сөз эркиндигин чектегени жана көз карандысыз журналисттер менен блогерлерге карата басымы үчүн тажик бийлигин сындап келишет. Акыркы бир жылдын ичинде Тажикстанда экстремисттик уюмдар менен кызматташуу айыбы менен сегиз журналист жана блогер кармалып, жети жылдан 21 жылга чейинки мөөнөттөргө соттолушту. Алардын иши боюнча сот отурумдары тергөө абактарында жабык өткөн. Айрым журналисттер "күнөөнү мойнуна алган" көрсөтмөлөрдү тергөөчүлөр кыйноо жолу менен алганын билдиришкен.

Душанбе эл аралык уюмдардын бул айыптоолорун четке кагып, өлкөдөгү мыйзамдар ЖМКлардын эркин ишмердүүлүгүнө кепилдик берерин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG