Ссылки доступа

Казакстан ТИМи: Болгон аракетибиз санкцияларга кабылып калбоого багытталууда


Казакстан үчүн санкцияларга илинип калуу өтө кооптуу. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттеринин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Буга чейин Кыргызстан жөнүндө АКШ тараптын бир нече баяндамасы менен божомолдорунда айтылган. Биз Казакстандын аталышы санкция салуу маселесинде таптакыр жок болушун каалайт элек", – деди Айдаров.

Анын айтымында, Казакстан менен Орусиянын санкцияга чейинки жылдык соодасы 25 миллиард долларды түзгөн. Айдаров эгер экинчи багыттагы санкциялар бул сооданы чектесе, анда чек ара аймактары бир топ чыгымдарга урурай турганын кошумчалады.

"Биз санкцияларга дуушар болуп калбоо үчүн Америкадагы жана Европадагы өнөктөштөрүбүзгө колдон келишинче ачык болууга аракет кылып жатабыз. Биз аларга бардык соода келишимдерин ачык көрсөтүп, биздин компаниялар санкциялык режимди бузса, кабар бергиле дедик. Анткени бул биздин кызыкчылыгыбызда", — деди Айдаров.

Анын айтымында, Орусияга санкция салынгандан кийин 400гө жакын компания Казакстанга көчүп келген.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыртан бери Орусиядан өлкөгө 1,5 миллиард доллар түз инвестиция келди. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 20% аз.

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салганы 20-июлда белгилүү болгон.

Маалыматка караганда, Кыргызстандагы RM Design and Development, "ГТМЕ Технологии", "Прогресс лидер" жана "Карголайн" компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар ("Базис Трейд Прософт", "Радиотехснаб", "Регион-проф", "Технологии, системы и комплексы", "СиАйСи") АКШнын кара тизмесине киргизилди.

"Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдып турган", - деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Буга кошумча АКШ Орусиядагы бир катар ишканаларга жана Бириккен Араб Эмираттарындагы бир компанияга да санкция салды.

20-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) АКШнын санкциялык чектөөсүн бузууга байланыштуу иликтөө баштаганын билдирип, кыргыз бийлиги санкциялык чектөөлөрдү бузбаганын, ошол эле маалда жеке компаниялар билбестиктин айынан мындай кадамга барышы ыктымалдыгын белгилеген.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бир нече кызматынын июнь айындагы иликтөөсү Бишкекте былтыр ачылган RM Design and Development ишканасы жана “ГТМЕ Технологии” жабык акционердик коому Кыргызстандан Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга туш болгон микрочиптерди жөнөтүп жатканын көрсөттү. RM Design and Development компаниясынын кожоюндары бул товарлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты. "ГТМЕ Технологии" ишканасынын жетекчилиги "коммерциялык сыр" деген жүйө менен Орусияга жөнөтүлгөн микрочиптер тууралуу маалымат берген жок.

Буга чейин АКШ Кыргызстандагы "Тро, Я" аттуу компанияга да санкция салган.

XS
SM
MD
LG