«Маданият жана спорт министрлиги футболду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, бул багытта ар тараптуу колдоо көрсөтүүдө. Бирок Казакстанда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү маселеси каралган эмес, ошондуктан чемпионатты өткөрүү боюнча биздин өлкө өтүнмө тапшырган жок», - деп билдирди министрлик.
Мурдараак өзбекстандык Championat.asia басылмасы Казакстандын футбол федерациясынын жетекчиси Адлет Барменкулов Казакстан менен Өзбекстанды 2034-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын биргелешип өткөрүүгө өтүнмө берүүгө чакырганын жазган.
Билдирүү Борбор Азиядагы түрк тилдүү мамлекеттердин футбол ассоциацияларынын жетекчилеринин Кыргызстандагы жолугушуусунда айтылган.