Июль айынын орто ченинде социалдык түйүндөрдө бир киши баласын кармап турган адамды сабап жатканы тартылган видео тараган.
Кийинчерээк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ИИМ) окуя 18-июнда Астана шаарындагы MEGA Silk Way соода борборунда болгонун, токмоктолгон кыргызстандык 13-июлда Астанадагы кыргыз элчилигине чакырылганын билдирген.
Казакстандын ички иштер министринин орун басары Кайрат Сунтаев кыргызстандыкка кол салган адам казак мушкери Бейбут Шуменов экенин тастыктаган. Спортчуга "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Шуменов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген комментарийинде "баланы кармап турган адамга кол көтөргөн эмесмин, коргондум" деп актанган.
Бейбит Шуменов – казакстандык профессионал мушкер, жеңил салмакта жана биринчи оор салмакта мелдештерге катышып келген. Ал мурдагы дүйнө чемпиону, туруктуу дүйнөнүн чемпиону жана WBA версиясы боюнча оор салмактагы дүйнөнүн убактылуу чемпиону.