Окуя 2021-жылдын февраль айында Душанбе шаарынын Бухоро көчөсүндө болгон: Сиёвуш Акобиршоевдин үстүнө курулуп жаткан 19 кабаттуу үйдүн бийиктигинен темирдин сыныктары түшүп, ал бутунун төрт манжасынан ажыраган. Жабырлануучу сотко арыз менен кайрылып, "Ёкут-2000" ишканасынын жетекчилигинен компенсация өндүрүп берүүнү талап кылган. Шохмансур райондук соту "Ёкут-2000" компаниясын жабырлануучуга 100 миң сомони (9100 долларга жакын) компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди.
Соттун өкүмүндө "Ёкут-2000" компаниясы Сиёвуш Акобиршоевге мурда жардам көрсөткөнү, бирок протезге кошумча каражат керек экени жазылган.
Буга чейин курулуш компаниясы кырсыкка Акобиршоевдин өзү күнөөлүү экенин билдирген: курулуш иштери жүрүп жаткан учурда объект тасма менен курчалганын, бирок Сиёвуш аны аттап өткөнүн айтышкан. Бирок Акобиршоев бул айыптоолорду четке кагып, курулуш жүрүп жаткан жерде эч кандай тосмо болбогонун билдирген.
Документтерге ылайык, ишкана 2000-жылы каттоодон өтүп, "эл керектөөчү товарларды чыгаруу жана сатуу" менен алектенип келген. Кийинчерээк гана Душанбеде бир нече курулуш долбоорлорун ишке ашыра баштаган.