Ссылки доступа

Пентагон: Орусиянын дрон өндүрүшү Украинадагы согушка олуттуу таасирин тийгизет


АКШнын чалгын кызматтары Орусияда Ирандын жардамы менен Украинадагы согушка олуттуу таасирин тийгизе турган учкучсуз учактарды чыгаруучу завод курулуп жатканын эскертти.

CNN телеканалынын маалыматына ылайык, брифинг учурунда АКШнын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын талдоочулары курулуп жаткан завод Орусияны учкучсуз учактардын жаңы запасы менен камсыздарын айтышкан. Бул запас Ирандан сатып ала турган дрондордон алда канча көп болот.

Алардын ырасташынча, Иран ишкананы курууга жардам берүү үчүн Орусияга жабдууларды үзгүлтүксүз жөнөтүп турат. Бүгүнкү күнгө чейин Иран Орусияга 400дөн ашык Shahed 131, 136 жана Mohajer учкучсуз учактарын берди. Аналитиктердин айтымында, Орусияда бул куралдардын запасы дээрлик түгөндү.

Орусия Украинанын маанилүү инфраструктурасына кол салуу жана Украинанын абадан коргонуу күчтөрүн жок кылуу үчүн негизинен учкучсуз учактарды колдонот.

XS
SM
MD
LG