Бул иш боюнча 14 жабырлануучу адам, анын ичинде бир нече ишкер бар, келтирилген зыян 903,4 млн сумга бааланууда.
Прокурордун айыптоолоруна караганда, Абдукодир Муминов өзүнө кайрылган жарандардын ишенимине кирип, алардын жеке маселелери боюнча журналисттик иликтөө жүргүзөрүн айтып, акча талап кылып турган. Бирок убадасын аткарган эмес. Айрым ишкерлерден, мекеме-ишкана жетекчилеринен опузалоо жолу менен акча алган.
Маселен, Заамин мамлекеттик коругунун директорунун орун басары Муминов коруктун директоруна ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу сын видеосу бар экенин айтып, аны жарыялабоо үчүн алгач 70 миң, андан кийин 60 миң, акырында 45 миң доллар талап кылганын айтты.
2022-жылдын декабрь айынын аягында блогер Абдукодир Муминов белгисиз адамдар анын унаасынын айнегин сындырганын, өзүн сабап кеткенин кабарлаган. Бул факты боюнча “Каракчылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Абдукодир Муминов өзү алдамчылык жана опузалап акча талап кылуу шеги менен февраль айында кармалган.