Тажикстандын бир катар кредиттик мекемелери – "Амонатбанк", "Эсхата" банк, "Арванд" банк, "Спитаменбанк", "Алифбанк", ошондой эле "Хумо" жана "Имон интернешнл" микрокредиттик уюмдары "Юнистрим" аркылуу доллар жана евродо акча каражаттарын чыгарууну жана жөнөтүүнү токтотушкан. Чектөө рублга карата колдонулбайт.
Тажикстандын Улуттук банкы АКШнын санкцияларынан кийин "Юнистрим" аркылуу акча которууну чектөө боюнча расмий билдирүү тарата элек.
Орусиянын "Юнистрим" акча которуу системасына санкция киргизилгени 20-июлда жарыяланган. Бул система отуздан ашык мамлекетке, анын ичинде Кыргызстанга акча которуу менен алектенчү.