Ссылки доступа

Астанада эки күндүк антитеррористтик машыгуулар өтөт


Астанада 27-28-июль күндөрү "чыныгы согуштук кырдаалдарга болушунча жакындатылган" шартта антитеррористтик машыгуулар өтөт. Бул тууралуу Терроризмге каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдан билдиришти.

Машыгуулар шаардын кайсы райондорунда өтөрү так айтылган жок. Бирок анын алкагында шаарда жөө адамдар менен транспорт каражаттарынын кыймылына чектөө киргизүү каралганы кабарланды.

Маалыматка ылайык, машыгуулардын максаты – коопсуздук күчтөрүнүн "террористтик көрүнүштөргө карата ыкчам реакциясынын" даярдыгын текшерүү.

Терроризмге каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб калаа тургундарын машыгууларга түшүнүү менен мамиле кылууга, тиешелүү мамлекеттик органдардын мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырды.

Жыл башынан бери Казакстандын бийлиги өлкөнүн түрдүү облустарында антитеррористтик машыгууларды өткөрүүдө.

XS
SM
MD
LG