Кырсыкка электр зымдары себеп болгону кабарланды. Маалыматка караганда, тик учакта туристтердин тобу бараткан.
Жалпысынан бортто 15 киши болгон, алардын үчөө экипаж мүчөлөрү. Тик учак Түнгүр айылына конуп жатканда электр зымдарына илинип, кулап түшкөн.
Тергөө комитети кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Тик учак "Алтай авиа" компаниясына таандык болгон.
Бул Алтай аймагында соңку үч күн ичинде туристтер аралашкан экинчи кырсык. 25-июлда Каракол көлүнө туристтерди алып бараткан жүк ташуучу автоунаа кырсыктап, бир киши мерт болгон. Дагы 12 адам, анын ичинде тогуз бала жабыркаган.