Ссылки доступа

Коргоо министрлиги: Казакстан аркылуу орус аскердик техникасы ташылган жок


Казакстандын Коргоо министрлиги орусиялык техника Казакстан аркылуу ташылып жатканы тууралуу социалдык тармактарда тараган маалыматты четке какты.

Казакстан Украинаны басып алууну көздөгөн Орусия менен “аскердик кызматташтыкты” ушинтип ишке ашырып жатат деген божомолдор болгон.

Орол шаарындагы журналист Лукпан Ахмедьяров ташылган аскердик техниканын сүрөттөрүн 30-июлда жарыялаган. Ал сүрөттөрдү Батыш Казакстан облусундагы Орол-Аксай автожолунда тартып алган. Автор техникада орус номурлары болгонун ырастаган.

Казакстандын Коргоо министрлиги бул боюнча комментарий берип, “Казакстандын аскердик техникасы Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт” деп билдирди.

"Бул аскердик техниканын Казакстанга эч кандай тиешеси жок, ал үчүнчү өлкөнүн менчиги болуп саналат жана эл аралык келишимдердин алкагында ремонт үчүн Казакстандын аймагы аркылуу Орусияга жөнөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министрлиги “үчүнчү өлкөнүн” атын атаган жок, бирок “2022-жылдын 27-августунан тарта Казакстанда “курал-жарактарды жана аскердик техниканы экспорттоого тыюу” салынганын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG