"2023-жылдын алты айында Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-издөө кызматы издөөдө жүргөн 344 адамды аныктады. Анын ичинен 2002-жылдан бери адам өлтүрүү айыбы менен издөөдө жүргөн 48 жаштагы Х.Ш Казакстанда кармалып, Өзбекстанга экстрадицияланды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары 2015-жылдан бери "каракчылык" айыбы менен издөөдө жүргөн 40 жаштагы өзбек жараны Орусияда кармалып, Өзбекстанга алып келинген.
Башкармалык билдиргендей, издөөдө жүргөндөрдүн көбү алдамчылык кылган кишилер.
Акыркы алты айдын ичинде Өзбекстандын укук коргоо кызматкерлери дайынсыз жоголгон 23 адамды таап, туруктуу жашаган жерлерине кайтарышкан.