"Шектүү катары кармалгандар кандай көрсөтмө бергенин жана тергөө кайсы баскычта экенин билүү үчүн бир нече жолу иштин материалдары менен таанышууга аракет кылдык. Бирок Башкы прокуратура бизге мындай мүмкүнчүлүк түзүп берген жок. Мындан улам тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат алуу үчүн өтүнүч кат жаздык. Азыр жооп күтүп жатабыз. Тергөө эмнени аныктай алганын билгибиз келет", – деди Рахмоновдун аты-жөнүн билдиргиси келбеген туугандарынын бири.
Өткөн айда окутуучунун уурдалышы фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысынын жардамчысы Акмал Юсуфзода жана анын тууганы, Тажик мамлекеттик соода университетинин кызматкери Исмоилжон Шүкүров кармалганы кабарланган. Башкы прокуратура бул экөөнө карата "Адам уурдоо" беренеси менен тергөө иштерин баштаган.
Исмоил Рахмоновду белгисиз кишилер 12-июнь күнү түнчүндө Душанбеде күч менен унаага салып алып кетишкен. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, шектүүлөр Рахмоновду шаардын сыртына алып чыгып, колун таңып, Фондарыя суусуна ыргытып жиберишкен.
Окутуучунун жакындары андан бери 50 күн өткөнүн, Рахмонов тууралуу эч кандай маалымат жок болуп жатканын билдирүүдө.
Айрым маалыматтарга караганда, окуя кызганычтын айынан болгон.
Шектүү катары кармалган милициянын подполковнигинин жубайы Исмоил Рахмонов менен университетте чогуу иштейт. Окуу жайдан Рахмонов менеджменттен, Юсуфзоданын аялы англис тилинен сабак берерин билдиришти.
38 жаштагы Исмоил Рахмоновдун төрт баласы бар.