Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы билдиргендей, бир бала ооруканада көз жумду. Дагы алтоо жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Маалыматка караганда, 30-июлда эки бала өзүн начар сезип, кусуп, ичи өткөн. Эртеси дагы он балада оорунун ушундай эле белгилери катталып, алар да ооруканага жаткырылган.
Ууланууга эмне себеп болгону аныктала элек. Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары, башкы санитардык дарыгер Айжан Есмагамбетова 12 баланын баарына азырынча "белгисиз затка ууланды" деген диагноз коюлганын билдирди.
Маалым болгондой, аталган борбордун директорунун милдетин аткаруучу ээлеген кызматынан бошотулду. Окуянын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бийлик кылмыш иши козголуп, Караганды облусунун атайын прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирди.
Иш менен камсыз кылуу жана социалдык программаларды координациялоо башкармалыгынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө борбордо 160тан ашык адам жашайт.