Тергөө жардырууну уюштурган жанкечти көптөн бери Ооганстанда жашап, кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун "Вилаят Хорасан" жоочулар тобуна кошулуп кеткен Өзбекстандын Хусанжон Осимий аттуу жараны экенин аныктаган. Ага Орусиянын "Террордук уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" жана "Эл аралык терроризм актысы" беренелери боюнча айып тагылган.
Осимийдин жакындары бул айыптоолорду четке кагууда. Маркум Орусияда сыртынан соттолот.
Орусиянын Кабулдагы элчилигинин алдындагы жардыруу 2022-жылы 5-сентябрда болгон. Анда жанкечтиден тышкары дипломатиялык өкүлчүлүктүн эки кызматкери жана төрт ооган полициячысы каза болгон.
Орусия Ооганстандагы талибдердин өкмөтүн тааныбаганы менен өлкөнүн Кабулдагы элчилиги иштеп жатат. Москва "Талибан" өкмөтү менен экономикалык жана саясий байланыштарын улантып келет.