Каган шаардык соту 27 жана 38 жаштагы эки милиция кызматкерин "Кыйноо" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, жети жылга эркинен ажыратты. Аларга жазасын өтөп бүткөндөн кийин эки жыл ички иштер органдарында иштөөгө тыюу салынды.
44 жаштагы ИИМдин дагы бир кызматкери үч жылга түрмөгө кесилди.
Декабрь айында Башкы прокуратура Нукустагы демонстранттарга каршы укук коргоо органдары курал жана атайын каражаттарды колдонгонун, ошондой эле эки жарандын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Мекеме ашыкча күч колдонулганы тастыкталып, иш сотко өтсө, жараян ачык болорун белгилеген.
Өзбекстандын Жогорку Соту 12-июнда Нукус окуялары боюнча соттолгон 28 адамдын аппеляциялык арызын карап, өкүм чыгарган. Ага ылайык, бешөө шарттуу бошотулуп, 16 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылган.
Нукус окуясы боюнча кесилген дагы жети кишинин биринчи инстанция чыгарган өкүмү өзгөртүүсүз калган. Алардын ичинде башкы айыпталуучу саналган Даулетмурат Тажимуратовду 16 жылга эркинен ажыраткан мурдагы чечим өзгөргөн эмес.
Өзбекстанда Конституцияны өзгөртүү демилгеси былтыр жазында көтөрүлүп, 1-2-июлда Каракалпакстан автоном республикасында нааразылык чыккан. Жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренелерди Баш мыйзамдан алып салууга каршы Нукус шаарында өткөн ири митингдер күч менен басылган. Бул кандуу окуядан кийин Каракалпакстандын макамы өзгөрүүсүз калган. 500дөн ашуун киши кармалып, сурак-соболдон кийин көбү бошотулган.