Активисттин тарапкерлери сот имаратына 7-августта келишкен. Алар "Еруланга боштондук!" деп ураан чакырып турушту.
35 жаштагы чымкенттик активист Ерулан Амиров интернетке бийликти сындаган видеолорду жарыялап турган. Былтыр май айында Чымкенттин райондук соту аны “тыюу салынган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан”, “коомдук араздашууну козуткан” жана “терроризмге үгүттөгөн” деген айыптар менен жети жылга эркинен ажыраткан. Айыптоого Амиров бийлик чөйрөсүндөгү коррупция тууралуу ачык айтууга үндөп, "жихад" деген сөздү колдонгону себеп болгон.
Былтыр 22-июнда Чымкенттин апелляциялык соту өкүмдү күчүндө калтырган. Соттун чечимине макул болбогон активисттин жакындары Жогорку Сотко арыз менен кайрылышкан.
Укук коргоочулардын жергиликтүү эксперттик тобу Ерулан Амировду “саясий туткундардын” тизмесине киргизген. Ал каттоодон өтпөгөн жана экстремисттик уюм деп таанылган “Көше партиясынын” тынчтык митингдерине катышкан. Европарламенттин резолюциясында бул уюм тынч оппозициянын катарына киргизилген.