Ал Тажикстан Орусия менен да, Украина менен да жакшы мамиледе экенин, жаңжалдын өлкө экономикасына тийгизген таасирин азайтуу аракетин көрүп жатканын белгиледи.
"Биз бул маселенин татаалдыгын эске алып, биринчи кезекте аймактын өлкөлөрү менен мамилени бекемдөөгө аракет кылып жатабыз", - деп кошумчалады Усмонзода.
Стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчиси катышкан маалымат жыйында журналисттер тажик жарандарынын Украинадагы согушка катышуусу боюнча маселе көтөрүштү. Соңку бир жылда Украинада ондогон тажикстандык каза болгону тууралуу маалыматтар бар. Алардын айрымдары Орусия жарандыгын алгандар болсо, кээ бирлери орус абактарында отурган Тажикстандын жарандары болгон. Усмонзода Украинадагы согушка тажиктердин катышуусу боюнча Душанбе расмий түрдө нааразылык нотасын албаганын билдирди.
Батыш өлкөлөрү буга чейин Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын санкцияларды айланып өтүүсүнө жардам бербеши керектигин эскертип, антпесе алар өздөрү да санкцияларга кабылып калышы мүмкүн экенин белгилешкен. Июль айында АКШ Орусияга санкцияланган товарларды жеткирген кыргызстандык төрт компанияны кара тизмеге киргизген.