Ссылки доступа

Түркмөнбашыда 200дөй аскер кызматкери өз каалоосу менен жумуштан бошонду


Июнь жана июль айларында Түркмөнстандын Балкан облусунда 200гө жакын аскер кызматкери өз ыктыяры менен жумуштан бошонду.

Аскер кызматкерлеринин жапырт иш таштоосуна экономикалык абалдын начардыгы, маянанын аздыгы себеп болууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, жумуштан бошонгон аскерлер Балкан күзөт полкунда жана аскер-деңиз институтунда, Гызыларбаттагы дивизияда иштешкен. Алардын көбү офицерлер жана келишимдин негизинде кызмат өтөгөндөр болгон.

"Деңиз флотунун офицерлери менен келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин орточо айлыгы 2800 манат, командирлердики 5000 манатка чейин болгон. Бул тамак-ашка араң жетет, үй же унаага акча чогултууну, балдарды окутууну унутуп койсо деле болот. Аскерлерди турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттин убадалары да аткарылбай жатат", - деген мурдагы аскер кызматкери.

Балканда эң арзан батирдин ижарасы 4-5 миң манат турат.

Бул жагдайга көз карандысыз Turkmen.news басылмасы да назар салган. Басылма өз булактарына таянып, соңку айларда өлкөнүн укук коргоо органдарын таштап кеткендердин саны өсүүдө деп жазат.

"Аскердик бөлүктөрдүн, аскер окуу жайларынын, жада калса аскер комиссариаттарынын кызматкерлери жумуштан бошонуп, чет өлкөлөргө кетип жатат... "Көпчүлүк адамдар аскерлер тышка чыга албайт деп эсептешет, бирок андай эмес. Кетүүнүн жолдору бар. Аскер кызматкерлери көбүнчө "эс алууга" деп кетип, кайра кайтып келишпейт", - деп жазган басылма.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы акыркы жылдары жумушсуз жарандар гана эмес, мамлекеттик кызматкерлер, анын ичинде полициячылар, мугалимдер, дарыгерлер да маянанын аздыгынан улам чет өлкөгө иштөөгө кетип жатканын кабарлоодо.

XS
SM
MD
LG