37 жаштагы Холмуродов 2022-жылы февралда украин-словак чек арасынан өтүп жатканда кармалып, ошондон бери тергөө абагында камакта отурат.
Жакындарынын айтымында, Душанбенин Исмоили Сомони райондук соту беш жыл мурда Холмуродовду камакка алуу чечимин чыгарган. Ага каршы "Раса, улут жана дин аралык кыстыкты козутуу", "Конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Кылмыштуу уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Ал бул айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылса, 10 жылдан ашык мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Тажикстандын бийлиги Холмуродовго тагылган айыптар боюнча комментарий берген жок.
Тажикстандагы саясий туткундарды коргоо комитетинин башчысы Абдусаттор Бобоев өткөн жумада тажик активисттеринен турган топ Европа Биримдигинин (ЕБ) Вильнюстагы өкүлчүлүгүнүн алдында Холмуродовду колдоо митингин өткөргөнүн билдирди.
"ЕБдин өкүлдөрү бизди кабыл алышты. Аларга Словакиянын жана Евробиримдиктин жетекчилерине жолдонгон катыбызды тапшырдык. Евробиримдиктин дипломаттары Холмуродов эмнеге издөөгө алынганы боюнча бир нече суроо беришти. Биз тажик бийлиги аны социалдык түйүндөрдө сын макалаларды чыгарганы үчүн куугунтуктап жатканын айттык. Катта Словакиянын президенти менен ЕБ жетекчилигин Холмуродовду бошотууга жана Тажикстанга өткөрүп бербөөгө чакырып, мекенинде ал кыйноого алынып, катаал мамилеге туш болушу мүмкүн экенин жаздык”, – деди Бобоев.
Амриддин Холмуродов акыркы жылдары Украинада жашап жүргөн. Бул өлкө ага убактылуу жашап туруу укугун берген. Украинада согуш башталгандан кийин ал Словакияга өтүүгө аракет кылганда чек арада кармалган.
Эки жума мурда Беларустун бийлиги Тажикстанга оппозициячыл активист Низомиддин Насриддиновду өткөрүп берген. Учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Душанбедеги тергөө абагында камакта отурат. Мекенинде ага "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо же экстрмизмди актоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тажикстанда бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.